Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеванын тагдырын чечти

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунуштамасын берген
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сунуштамасын колдоду.

Баш прокурорду кызматынан кетирүүгө депутаттардын 105и макул болсо, экөө каршы добуш берди.

Бүгүнкү жыйынга Жолдубаева өзү келген жок.

Президенттин сунуштамасында башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынып жатканы айтылган. 

Добуш берүүдөн кийин сөз алган президент администрациясынын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев президентти колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирип, мамлекеттик маанилүү маселелерде өз ара колдоо зарыл экенин белгиледи.