Жолдубаеваны кызматтан алууга депутаттардын кимиси каршы болду? Тизме

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президент конституциялык укугунан пайдаланып, баш прокурорду кызматынан алуу сунуштамасын киргизди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунуштамасына депутаттар Аалы Карашев менен Асел Кодуранова каршы болду.

Жээнбековдун Жолдубаеваны мөөнөтүнөн эрте бошотуп жаткан себеби айтылды
Эскерте кетсек, бүгүн парламентте өлкө башчынын сунуштамасы каралып, каттоого алынган 107 депутаттын 105и макул болсо, экөө "каршы" добуш берген.

Сунуштама менен президенттин администрация жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев тааныштырды.

Индира Жолдубаева аталган кызматка 2015-жылдын январь айында дайындалган.

Результаты поименного голосования