Жол чийинден окуучуну коюп кетти делип 19 жаштагы кыз кармалды

6-апрель күнү "Бета Сторес-2" соода борборунун жанынан окуучуну унаа коюп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте жөө адамдар өтө турган чийинден 11 жаштагы окуучуну коюп кетүүгө шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

1 / 2
Бишкекте жөө адамдар өтө турган чийинден 11 жаштагы окуучуну коюп кетүүгө шектелип 19 жаштагы кыз кармалды
2 / 2
Окуя 6-апрелде Юнусалиев көчөсүндөгү "Бета Сторес-2" соода борборунун жанында болуп, кырсыкка себепкер айдоочу изин жашырган.

Окуя 6-апрелде Юнусалиев көчөсүндөгү "Бета Сторес-2" соода борборунун жанында болуп, кырсыкка себепкер айдоочу изин жашырган. Ал эми окуучунун алдыңкы тиштери сынып кеткен болчу.

"Бишкек ШИИБдин жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери окуучуну коюп кетүүгө шектелген Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы айдоочусун кармады", — деп милициядан билдиришти.

Учурда шектүү кыздын унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.