БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Каракол шаарында 11-апрелге караган түнү кар жаады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, WhatsApp-каналы аркылуу шаардан тартылган сүрөттөрдү жиберди.
"Жааган кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетти", — деди ал.
Маалыматка караганда, Каракол шаарында жемиш бактары гүлдөй элек болчу.
Эске салсак, синоптиктер аптанын алгачкы күндөрү жер-жерлерде жаан, тоолуу райондорго кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлүп жатканын эскерткен.