Окумуштуулар секс-роботтордун зыянын айтып, коңгуроо кагууда

Илимпоздор кадимки никенин терс жактарынан оолак болуу далалаты эркектерди робот менен жакын болууга түртөрүн айтып чыгышты
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Төшөк рахатын тартуулай турган роботторго суроо-талаптын күчөп жатканына карабастан Шеффилд университетинин роботизация жана жасалма интеллектини иликтөө боюнча профессор Ноэль Шарки ага тыюу салуу керек деген пикирде. Бул тууралуу Британиянын Metro басылмасы жазып чыкты. 

Окумуштуулар кафе-ресторандарда тамак жегендин кооптуулугун айтып беришти
Окумуштуунун айтымында, секс-роботторду пайдалануунун жайылышынан улам, 18 жаштан 34кө чейинки эркектердин 25 пайызы жалаң темир аялдар менен мамиле куруп калат. Ал эми франциялык илимпоздор никенин терс жактарынан оолак болуу далалаты эркектерди робот менен жакын болууга түртөрүн айтып чыгышты.

Аталган маселени иликтөөгө алгандар 50 жылдан кийин адам менен роботтун мамилелеш болуусун жактап чыккан өзүнчө бир кыймыл пайда болорун айтышты. Андан сырткары жакынкы эле 10 жылдын ар жак-бер жагында чыныгы эркектердин таңкыстыгы жараларын божомолдошту.