Сапар Исаков: Тогуз-Торо районунун акимин бүгүн иштен алам

Депутат Кожобек Рысбаев "Макмал" алтын комбинатында болгон окуяга өкмөт кандай чара көрөрүн сурады
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акимин бүгүн, 11-апрелде, иштен ала турганын КСДП фракциясына өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши тууралуу отчету маалында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Эркектер алдан тая баштады! Тогуз-Тородо алтын ылгоочу заводго каршы митинг өттү
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.

Депутат Кожобек Рысбаев аталган комбинатта бүгүн болгон окуяга өкмөт кандай чара көрөрүн сурады.

Өз кезегинде Исаков абалды ушуга алып келген райондун акими кызматтан алына турганын белгиледи.

"Ал жердеги окуяга акимдин тиешеси барбы-жокпу, аны териштириш керек. Бирок абалды ушуга алып келгени үчүн ал кызматтан кетиши керек. Бүгүн кызматтан алам", — деди ал.

Тогуз-Торону баккан "Макмал". Жабыла турган комбинаттын багын инвестор ачабы
Премьер-министр быйыл февраль айында Экотехинспекция аталган аймактагы кенди иштетүүнү токтотконун айтты. Андан сырткары, элди чагымчылдыкка алдырбай, сабырдуу болууга чакырды.

Андан кийин өкмөт тараткан билдирүүдө Исаков Ички иштер министрлигине "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы айтылды. Өкмөт башчы өз сөзүндө жеке менчиккке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.