Радио

Масалиев: прокуратура тарабынан кыскартылган иштерди текшерүү керек

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мыйзамсыз аракеттер аныкталса, кыскартылган иштерди улантуу керектигин айтты
Sputnik
Масалиев: прокуратура тарабынан кыскартылган иштерди текшерүү керек

Прокуратура тарабынан кыскартылган иштерди текшерүү керек. Бул тууралуу Исхак Масалиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сунуштамасын колдоду.

"Мен кийинки Баш прокурор боло турчу инсанга кайрылгым келет. Прокуратура көзөмөл функциясын унутпашы керек. Акыркы жылдары укуктары чектелип, аброюн төмөн түшүрүп салдык. Алар текшерүүчүнү текшериши керек. Мындан сырткары, буга чейин козголгон иштерди, кыскартылган иштерди карап чыгуу керек. Эгер мыйзамсыз кыскартылса, аягына чыгаруу зарыл", — деди Масалиев.

Ал прокурорлорго жакшы шарт түзүп берсе натыйжа да жакшы болорун кошумчалады.