Өзгөндө Кара-Дарыя ташып, турак үйлөр кооптуулукта калды

Министрликтен Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралып жаткандыгын да кабарлашты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

1 / 2
Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады
2 / 2
Министрликтен Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралып жаткандыгын да кабарлашты.

"Өзгөндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин суу каптаган", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралып жаткандыгын да кабарлашты.

Буга чейин Кара-Кулжада жер көчкү жылып, 20 миңдей киши суусуз калган.