ИИМ Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысын камакка алды

Казаков мүлк фондун 2017-жылдын январь айынан ноябрга чейин жетектеген
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду камакка алды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Казаков аталган фондду 2017-жылдын январь айынан ноябрга чейин жетектеген.

Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды
Билдирмеге караганда, кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган фактыга карата Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелери (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козгогон.

Учурда Казаков убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.