БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабирикасынын курулуштарын өрттөп ийди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, буга чейин дагы жергиликтүүлөр кытайлык компания кура турган алтын ылгоочу жаңы заводдун курулушун токтотууну талап кылып чыккан.
Билдирмеге караганда, "Макмал" комбинатынын жанына курулуп жаткан "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын иштешине каршы чыккан жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышкан.
Жеринде 30 милиционер иштеп, миңге чукул адамды тартипке чакыруу иштери жүрүп жатат.
"Бир миңге чукул жергиликтүү эл түшүндүрүү иштери башталганга чейин эле милиция жана ведомстволор аралык комиссия тарапка таш ыргыта баштады. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактап, алардын жашоосуна коркунуч келбеген жайга алып барды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жерине келе жаткан өрт өчүрүү кызматынын унаалары жол тосулуп калгандыктан, жете алышкан эмес.
ИИМден билдиришкендей, ушул тапта коомдук тартип калыбына келтирилип, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Аталган факты боюнча алдын ала иликтөөлөрлөр башталып, юридикалык баа берилээри айтылды.