Айтты, аткарды! Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акимин иштен алды

Исаков Жогорку Кеңештин депутаттарына мындай кырдаалга жол берген райадминистрациянын башчысы Идирисовду иштен аларын убадалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идрисовду иштен алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. Макмалдагы өрттүн видеосу
Уюлгуган кара түтүн, жаалданган эл. "Макмалдагы" өрттүн видеосу
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган "Джи Эл Макмал Девелопинг" фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.

Исаков КСДП фракциясына өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши тууралуу отчет берип жатып, Жогорку Кеңештин депутаттарына мындай кырдаалга жол берген райадминистрациянын башчысы Идрисовду иштен аларын убадалаган.

Өкмөт башчынын маалымат кызматы премьер-министр Тилек Идрисовду иштен алуу боюнча буйрукка кол койгонун маалымдады.