Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды

Бул маселени 10-апрель күнү парламенттеги комитет жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп чыккан
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков экс-депутат Өмүрбек Текебаев жаза өтөп жаткан камерадагы видео көзөмөлдү алып салуу боюнча маселени мыйзам чегинде карап берүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселени 10-апрель күнү парламенттеги комитет жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөрүп чыккан.

"Таалайбек Жапаров экс-депутат Өмүрбек Текебаевге байланыштуу бул масеге оң жагына чечилип, көзөмөл камерасы ал жаза өтөп жаткан бөлмөдөн сыртка чыгарыларын айтты", — жеп жазылат билдирмеде.

Ал көзөмөл камералары мыйзам боюнча жаза өтөп жаткан адамдын коопсуздугу үчүн соттолуучулар жаткан бөлмөлөргө орнотулганын кошумчалады.