Бишкектин үч жерине коюлган видеокамералар эртеңден баштап ишке кирет

Премьер бул кадамдар "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында ишке ашып жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарына коюлган видеокамералар эртең, 12-апрелден тарта, ишке кирерин КСДП фракциясына өкмөттүн 2017-жылда жасаган иштери боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, видео камералар Бишкектин үч жерине коюлган.

"Шаардын Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишине, Байтик баатыр менен Ахунбаев жана Байтик баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган видеокамералар эртеңден баштап реалдуу режимде иштеп баштайт", — деди Исаков.

"Акылдуу шаар" долбооруна британиялык уюм кол сунарын айтты
Ал ошондой эле видеокамераларга жол эрежесин бузган учурлар бир ай сынамык иретинде иштеп, андан кийин жол эрежесин бузган айдоочуларга билдирүү келерин кошумчалады.

Премьер бул кадамдар "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында ишке ашып жатканын белгиледи.

Буга чейин вице-премьер Дайыр Кенекеев "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууда эң кымбаты бул камераларды же башка жабдууларды сатып алуу эмес, программалык камсыздоо (soft) экенин билдирген. Анын айтымында, учурда бул жаатта "Инфоком" менен Мамкаттоо иштеп жатат.