Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык боло тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 15…20 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 16…21 градус нөлдөн жогору болору күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында күн 12…17 градус жылый тургандыгы айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 18…20 градуска чейин жетет.