Радио

Бусурманкулов: аңчылык коррупциясына жол бербөө керек

КРдин коопсуздук кеңешинин инспектору Жаныш Бусурманкулов аңчылыктагы коррупциянын саны азайып бараткандагын айтты
Sputnik
Бусурманкулов: аңчылык коррупциясына жол бербөө керек

Аңчылык коррупциясына каршы коомчулук менен бирге күрөшүү керек. Бул тууралуу Жаныш Бусурманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көйгөйдүн үстүнөн тиешелуү орган менен кошо коомчулук да бирге иш алып барып, маселени чечиши керек.

"Бүгүнкү күндө токой агенттигинде иштей турган багыттар көп. Учурда аларды чечүү жолдорун иликтеп, мыйзамсыз жасалган жана аңчылыктагы коррупцияга каршы иш алып баруудабыз. Албетте бул жаатта бир топ көйгөйлөр бар. Аталган маселени жапырт киришип чечип, аңчылык коррупциясына жол бербөө керек", — деди инспектор.

Ал коррупциялык фактыга күбө болгондорду коопсуздук кеңешине кайрылууга чакырды.