БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытай башчысы Си Цзиньпин менен Боао шаарында жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушуу маалында Атамбаев менен Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер менен стратегиялык өнөктөштүктүн өсүп бара жатканына токтолушту. Ошондой эле Кытай тараптан демилгеленген "Бир алкак – бир жол" форумунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
"Си Цзиньпин Атамбаевге Азиялык Боао форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, КСДПнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктады", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми экс-президент аталган форум эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын мындан дагы күч алышына таасирин тийгизет деп ишенерин айтты.
Эске салсак, КСДПнын төрагасы Азиялык Боао форумуна катышуу максатында 9-апрель күнү Кытайга учуп кеткен.