Аксыда алгачкы ирет грэпплинг боюнча район биринчилиги өттү

Турнир Мукур айылындагы "Манас" спорт клубу тарабынан уюштурулган
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Аксы районуна караштуу Мукур айылында грэпплинг боюнча район биринчилиги өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 10-апрелде өтүп, ага 100гө чукул спортчу катышкан.

1 / 3
Аксы районуна караштуу Мукур айылында грэпплинг боюнча район биринчилиги өттү
2 / 3
Маалыматка ылайык, турнир 10-апрелде өтүп, ага 100гө чукул спортчу катышкан
3 / 3
Жеңүүчүлөргө медаль, дипломдор тапшырылып, мыкты мушкер түстүү сыналгы менен сыйланды.

Район биринчилиги Мукур айылындагы "Манас" спорт клубу жана эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын чемпиону, джиу-джитсу боюнча Азия чемпиону Ильияс уулу Кыялбек тарабынан уюштурулган.

Жеңүүчүлөргө медаль, дипломдор тапшырылып, мыкты мушкер түстүү сыналгы менен сыйланды.