Радио

Акаев: адам тагдыры менен ойногондор жооп бериши керек

Депутат Жанар Акаев мыйзамсыз аракеттерди жасагандарды жумуштан алып тим болуу туура эмес деген ойдо
Sputnik
Акаев: адам тагдыры менен ойногондор жооп бериши керек

Адамдардын тагдыры менен ойногондор жооп бериши керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сунуштамасын колдоду.

"Кыргыз чиновниги үчүн эң чоң жаза — бул отставка. Биз ушундай түшүнүп калдык. Эмне үчүн алар буга чейинки иштерине, мыйзамсыз иш козгогонуна жооп бербейт? УКМКнын мурдагы төргасы менен Башкы прокурор адамдардын тагдыры менен ойноп жатканда Жогорку Кеңеште чиренип отурушкан. Эмне үчүң аларды жөн гана отставкага кетирип коюшубуз керек?" — деди Акаев.

Эл өкүлү УКМКнын мурдагы төрагасы менен Башкы прокурор буга чейинки кадамдарына жооп бериши керектигин кошумчалады.