Элчи Ибрагим Жунусов "сууп" кеткен мамиле жана Гүлен уюму тууралуу айтты

Жунусов эки мамлекеттин мамилесинде солгундоо болбогонун белгиледи
Sputnik

АНКАРА, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын Фетхуллах Гүлендин FETO уюму менен күрөшүү боюнча айткандарына түшүндүрмө берди.

Буга чейин Тайип Эрдоган Түркияда тыюу салынган уюм менен күрөшүүдө Кыргызстандан колдоо күтө турганын айткан.

"Эрдоган кечээ туура айтты, эгер ФЕТОнун мүчөлөрү Түркияда ушундайды жасаса Кыргызстанда дагы болуп кетиши ыктымал. Биз ал менен күрөшөбүз, бирок юридикалык факты, кишилердин аты-жөнү жана соттун чечими керек", — деди Жунусов.

Элчи ошондой эле Кыргызстанда "Мариф" фонду иштеши керектигин сунуштаганын белгиледи. Фонд эмне иш кыла турганы азырынча белгисиз.

Жунусов андан тышкары, Эрдогандын 2016-жылы эки мамлекеттик мамилеси сууп кетти деген сөзүнө түшүндүрмө берди.

Элчинин айтымында, мамиледе солгундоо болгон эмес.

Жээнбеков Анкарада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
"Жакында Бишкекте кыргыз-түрк достугуна арналып салынган оорукана ишке берилет. Андан тышкары, инвестиция келип жатат, түрк наабайканасы бар. Жыл сайын түрк тарап кыргызстандын жарандарына баасы 30 миңден 80 миң долларга чейин жеткен операцияларды Түркиянын ооруканаларында бекер жасоого мүмкүнчүлүк карап келет. Ушул нерсенин баары мамилелердин бекемделип жатканын бышыктайт жана мындан аркы ымала бекемделе бермекчи", — деди Жунусов.

Андан тышкары, бүгүн мигранттар менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн маселелер чечиле турганын кошумчалады.