Жээнбековдун Жолдубаеваны мөөнөтүнөн эрте бошотуп жаткан себеби айтылды

Өткөн жылы республика боюнча 235 адамга, анын ичинде камакта отурган 23 адамга актоо өкүмү чыгарылган
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынууда. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун жолдогон сунуштамасында айтылат.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети аталган маселени бүгүн жабык эшик артында карап, бир добуштан колдоп берген. Эми аны парламент 11-апрель күнү карамакчы.

"Жалпысынан өткөн жылы республика боюнча 235 адамга, анын ичинде камакта отурган 23 адамга актоо өкүмү чыгарылган. Ошол эле учурда мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун борбордук органдарына, алардын аракеттерине карата жарандардан көптөгөн даттануулар түшүүдө. Мындан тышкары, бир дагы күнөөлүү кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес жана Кылмыш жаза кодексинин 322-беренеси боюнча соттолгон эмес", — деп айтылат документте.

Мындан тышкары, Жолдубаевага өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо боюнча милдет жүктөлгөнү, бирок башкы прокурор тарабынан көрүлгөн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жетишсиз болуп, былтыркы отчетундагы кемчиликтерди жойбогону, прокуратура системасындагы жогорку кызмат адамынын милдеттерин бузуп, Жогорку Кеңештин чечимин аткарбаганы жүйө келтирилет.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызматтан алган.