Былтыркы жол кырсыктарынын көбү Бишкек менен Чүйгө туура келет

Вице-премьер өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча маалымат берди
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Былтыркы жылы болгон жол кырсыктарынын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусуна туура келет. Бул тууралуу вице-премьер Дайыр Кенекеев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде өкмөттүн былтыр жасаган иштери боюнча маалымат берип жатып айтты.

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорунун учурдагы абалы тууралуу айтты
Кенекеев өз сөзүндө жол кырсыктары тууралуу да айтып, 2017-жылы эң көп жол кырсыгы Бишкек менен Чүйдө 3624 жол кырсыгы катталганын белгиледи.

Анын айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик программаларды аткаруу 79,19 пайызды түзгөн.

Ал ошондой эле ИИМде алты жаңы кызмат түзүлгөнүн, Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы жоюлганын айтты. Андан сырткары, укук коргоо органдарындагы реформалар тууралуу маалымат берди.