Майлуу-Сууда 21 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Куткаруучуларга милиция кызматкерлери кайрылган
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Майлуу-Сууда 21 жаштагы жигит дарыяга чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар милициянын кайрылуусу менен издөө иштерине чыгышкан. Алты куткаруучу суудан сөөктү чыгарып, шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен.