Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарында алты документке кол коюлду. Тизме

Мамлект башчы Түркияга расмий иш сапары менен барды
Sputnik

АНКАРА, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында алты документке кол коюлду. 

Мамлекет башчы өзүнүн кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. 

Кол коюлган документтердин тизмеси: 

— Техникалык көзөмөл жана стандартизациялоо жаатында кызматташуу;

— Спорт тармагында кызматташуу келишими;

— Айыл чарба багытында кызматташуу; 

— Инвестиция;

— Социалдык камсыздандыруу келишими;

— Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу токтому. 

11-апрелде мамлекет башчы жумушчу сапары менен Бельгияга жөнөйт. Өлкө лидери ал жактан кимдер менен жолугарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.