Жээнбеков Анкарада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышууга келерин убадалаганын да маалымдады
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен дагы жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен дагы жолугушту
2 / 3
Мекендештер Режеп Тайип Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалымат алышкан
3 / 3
Диаспора өкүлдөрү өз учурунда консулдук тейлөө, виза жана укук маселелерине, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Билдирмеге караганда, мекендештер Режеп Тайип Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалымат алышкан.

"Түркия президенти кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагы ачылганын белгиледи, мен да ушундай пикирдемин. Түркия менен кызматташуу – Кыргызстандын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири. Түркияда жашаган кыргызстандыктардын социалдык камсыздандыруу маселеси да чечилди. Ошондой эле экономика, аскердик-техникалык кызматташуу, ТИКАнын Кыргызстандагы долбоорлорунун санын көбөйтүү, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү маселелери да талкууланды", — деп Жээнбеков билдирген.

Жээнбековдун Түркияга болгон иш сапарында алты документке кол коюлду. Тизме
Мамлекет башчы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышууга келерин убадалаганын да маалымдады.

Диаспора өкүлдөрү өз учурунда консулдук тейлөө, виза жана укук маселелерине, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди көтөрүштү.