Таза иштеп, адал жашап өткөн Абсамат Масалиев 85ке чыкмак. Архивдик сүрөттөр

Sputnik

Чөп чапкан, ой баскан, ат минген Айтматов. Жазуучунун эл көрө элек сүрөттөрү
Кыргыз Эл баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1953-жылы Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун бүтүрүп, эмгек жолун көмүр шахтасында иштеп баштаган.

Катардагы жумушчудан Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгонго чейин жетишкен. Өлкө эгемендик алып кыйын кезеңди башынан өткөргөн маалда да эл башкарган. СССРдин Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты 2004-жылы 71 жашында көз жумган.

1 / 12
Партиялык ишмер Абсамат Масалиев Москвадагы тоо-кен институтунда, Алматыдагы жогорку партиялык мектепте билим алган
2 / 12
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысынын аймакты кыдырып жүргөн кези
3 / 12
СССРдин курамына кирген союздук республикалардын жетекчилери. Солдон оңго Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Абсамат Масалиев. 1989-жыл, Алматы шаары
4 / 12
Абсамат Масалиевдин балдары
5 / 12
Ал 1979-жылдан 1985-жылга чейин Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болгон
6 / 12
СССРдин Жогорку Советинин эки чакырылышына депутат болгон
7 / 12
Мамлекеттик ишмер Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаттына шайланган
8 / 12
Эки жылдай Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенген
9 / 12
Белгилүү саясатчынын жаш кези
10 / 12
1985-1991-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы
11 / 12
Аткаминер жубайы менен биргеликте эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн
12 / 12
Масалиев Фрунзе, Ош, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Каракол шаарында жетектөөчү кызматтарга дайындалган