Радио

Турдумбеков: каратэ кичипейилдикке, башкаларды сыйлоого үйрөтөт

Улуттук "Сетокан" каратэ-до International федерациясынын катчысы Эмил Турдумбеков каратэ менен машыккандардын жашы чектелбей тургандыгын айтты.
Sputnik
Турдумбеков: каратэ кичипейилдикке, башкаларды сыйлоого үйрөтөт

Каратэ өнөрү кичипейилдикке, башкаларды сыйлоого үйрөтөт. Бул тууралуу Эмил Турдумбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спорттун бул түрү менен машыккандардын денеси гана эмес, духу да күчтүү болот.

"Каратэ өнөрү эң биринчи кезекте кичипейилдикке, башкаларды сыйлоого үйрөтөт. Бул чыгыш уруш өнөрү баш ийип салам берүү менен башталып, баш ийип салам берүү менен аяктайт. Балдарды 5-6 жаштан баштап эле каратэ менен машыктыра берсе болот", — деди Турдумбеков.

Ал каратэ менен машыккандардын жашы чектелбей тургандыгын айтты.