Мурда интернет жашоонун бир бөлүгү болсо, азыр интернет толук кандуу жашоого айланды. Бул тууралуу Чоробек Cааданбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдар интернетке муктаж болууда.
"Бүгүнкү күндө интернеттин ролу абдан чоң болуп калды. Баарыбыз көрүп жаткандай эле бизнес да, билим берүү да, күнүмдүк байланышты кармоо да интернет аркылуу жүрүп жатат. Мурда интернетти жашообуздун бир бөлүгү катары карап келген болсок, учурда интернет толук кандуу жашоого айланды", — деди Сааданбеков.
Ал Кыргызстанда бир айда Facebook тармагына жети жүз миң, ал эми Instagram баракчасына бир миллион киши кирерин кошумчалады.