БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы керектүү деңгээлде иштебей жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчетун угууда.
Эл өкүлү министрликтин маалымат кызматы айрым ЖМКларга чыккан маалыматтарга эч кандай реакция кылбай жатканын белгиледи.
"Министрликтин маалымат кызматы иштейби деги? Кээ бир гезит, сайттарга чыккан маалыматтарды төгүндөп же жокко чыгаруу боюнча аракеттерди көрүшү керек эле" — деди ал.
Министр өз сөзүндө ЖМКлардын бирине "Милициядан дос күтпө. Адамды милиция кылсаң болот, милицияны адам кылсаң болбойт" деген макала чыкканын мисал келтирди.
Исраилов ошондой эле атайылап, далили жок караланып жаткан кызматкерлерди министрлик коргой турганын белгилеп, ошол эле учурда айрым ишин билбеген кызматкерлер министрликтин жалпы аброюна шек келтирип жатканын моюнга алды.