БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн дээрлик 3,5 миллиард (3,450,361,000) сомго тендер жарыяланганы туурасында маалымат жүктөлдү.
Анда сатып алуучу уюм катары Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл өкмөтү көрсөтүлгөн. Аталган айыл өкмөттүн Максым-Тобу көчөсүнө 1000 метр аралыкка асфальт төшөө кызматы каралган.
Бирок асты жагында Лоттор (сатууга сунушталган товарлар тобу) деген бөлүмүнөн башкача сумманы көрүүгө болот. Анда 3,5 миллион (3,450,361) сом деп жазылган.
Бул жагдайды тактоо үчүн айыл өкмөт жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбоду. Сайтта көрсөтүлгөн номерден да жооп болгон жок.
Буга чейин Талас мэриясы дагы борбордук парктын ортосуна 1,5 миллион сомго ажаткана курган. Бирок ал эки жылдан бери иштебей турат.