Түркия Сооронбай Жээнбековду кандай тосуп алды. Видео

Учактан түшөрү менен Сооронбай Жээнбековду Түркиянын бир катар аткаминерлери тосуп алды.
Sputnik

Кыргызстандын президентинин учагы Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна конуп, аны Түркиянын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара аймактык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алды.

Жээнбеков Түркиядан ары Бельгияга барат. Көтөрүлчү маселелер
Аэропортто ардак кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Иш сапарынын алкагында Жээнбеков түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым жана парламент төрагасы Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жолугушат.

Тараптар ортосунда бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Андан соң 11-апрелде өлкө башчы Бельгияга Евробиримдиктин институтуна барат.