АНКАРА, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү бир миллиард долларга көтөрүү потенциалы бар экенин белгиледи.
Ошондой эле эки мамлекет башчысы саламаттык сактоо, транспорт, тоо кен тармагы, айыл чарба жана энергетика жаатында дагы кызматташууга жакшы шарттар бар экенин кошумчалап өтүштү. Мындан тышкары, Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча маселе көтөрүлдү.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде Түркияга расмий иш сапары менен келди.