Апта ирмеми: жарым жылаңач сулуулардан Хабибдин жеңишине чейин

Sputnik

Шамал менен жарышкандар. Бишкектин четинде мотоспорт боюнча мелдеш өттү
Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов АКШлык атаандашы Эл Яквинтаны жеңип, жеңил салмакта UFC чемпиону аталды.

Бул убакта Бишкекке бир нече өлкөнүн спортчулары келип, мото жарышы боюнча күч сынашты.

Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Түркияга барды. Бул Путиндин шайлоодон кийинки чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапары.

Баса, ал ортодо Франциянын Темир жолдор боюнча улуттук компаниясынын кызматкерлери тополоңго чыгышты. Ишкана кызматкерлери кезектеги реформага каршы болууда. Кандай окшоштук ээ?

1 / 19
Мексикалык бала чек арага тургузулган темир тосмодон АКШ тарапты карап турат
2 / 19
Бразилиянын Мамирауа коругундагы кабыландын ургаачысы
3 / 19
Согуш болуп жаткан аймактан чыгарылган балдар. Сирия
4 / 19
Сочидеги "Роза Хутор" курортундагы BoogelWoogel-2018 фестивалынын катышуучулары
5 / 19
Куруучу. Конго
6 / 19
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын өлкө башчысы Реджеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жолугушуу учурунда. Бул Путиндин шайлоодон кийинки чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапары
7 / 19
Палестиналык көтөрүлүшчүлөр менен Израиль аскерлеринин кагылышы.
8 / 19
Бодибилдинг боюнча Сибирь чемпионатынын катышуучусу
9 / 19
АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өз өлкөсүнүн туусун Санкт-Петербургдагы консулдуктун имаратынан чечип жатат
10 / 19
Франциянын Темир жолдор боюнча улуттук компаниясынын кызматкерлери тополоңго чыккан учурда шаар тургундары поезд күтүп жатат. Ишкана кызматкерлери кезектеги реформага каршы чыгууда
11 / 19
Маймыл жаңы туулган баласы менен. Прага шаарындагы зоопарк
12 / 19
Көркөм гимнастика боюнча финалдык беттештин катышуучусу. Австралиядагы "Достук оюндары — 2018" мелдеши
13 / 19
Гүлдөгөн алча багында сүрөткө түшүп жаткандар. Вашингтон шаары
14 / 19
Шотландиянын Скай аралынан табылган зауроподдун изи
15 / 19
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин эстелиги
16 / 19
Апрель революциясынын курмандыктарынын жаркын элестерине арналган эскерүү иш-чарасында өлкөнүн биринчи адамдары. "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси
17 / 19
Бишкектен анча алыс эмес жерде өткөн мото жарышы. Ага 100дөн ашуун спортчу катышты.
18 / 19
Иерусалимдеги сыйынуу храмына пасханын алдында дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген зыяратчылар чогулду.
19 / 19
Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов АКШлык атаандашы Эл Яквинтаны жеңип, жеңил салмакта UFC чемпиону аталды.