Психоневрологиялык жайдагы Мирлана. Жашоого жетелеген сүрөттөр

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө учурда республикабыздын ар кайсы аймактарынан келген 240 аял жашайт.
Sputnik

Алардын ар биринин өз тагдыры бар. Көбү кичинекейинен "Ымыркайлар үйүнө" ташталган болсо, кай бири жашоодогу кыйынчылыкты көтөрө албай, кээси ар түрдүү кырсыкка кабылып ооруга чалдыккан. Кай биринин экиден диплому бар, бирок эч кимге кереги жок. Кээсинин туугандары келип турса, кай бири өлсө сөөгүн алып кеткиси келбей, аталган мекеме тарабынан жерге жашырылат.

Работы пациентки психоневрологического дома интерната в Ак-Суйком районе Иссык-Кульской области Мирланы Камбаровой

Биздин бүгүнкү Мирлана Камбарова бул жатак үйгө 1990-жылы келген. Мындагы башка аялдардай чыр-чатак салып иймей жайы жок. Тынч жүрө берет. Жашы 49га чыккан аял жашоодогу эң бактылуу күнү катары балалыгын эстейт.

Работы пациентки психоневрологического дома интерната в Ак-Суйком районе Иссык-Кульской области Мирланы Камбаровой

Маалыматка караганда Мирлана 1969-жылы Ак-Суу районундагы Чолпон деген айылда төрөлүп балалыгы Россияда өткөн. Энеси Тамбов облусундагы Мичуринск шаарында окугандыктан, аны кичине кезинде ошол жакка алып кетип, белгисиз себептер менен 2-3 жашында ошол шаардагы балдар үйүнө тапшырат. Ал ошол шаарда 8 жылдык мектепти аяктап, Тамбовдогу педогогикалык окуу жайда көркөм сүрөт факультетине тапшырып, бирок бүтпөй калат. Мирлана II курсту аяктагандан кийин кез-кези менен аны артынан бирөөлөр аңдып жүргөнү жөнүндө айтып, жөөлүп, ар нерселерди сүйлөп баштаган. Ошентип педучилищедеги мугалимдери тарабынан Кыргызстанга жиберилген. Алгач туугандарынын үйүндө жашап, ал жерден да оорусу кармап, Чым-Коргондо дарыланган. Кийин Ак-Сууга, ушул жерге түшкөн.

Пациентка психоневрологического дома интерната в Ак-Суйком районе Иссык-Кульской области Мирлана Камбарова

Мирлананын сүрөттөрүнүнүн көбү портрет экенин көрдүк. Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовду, экс-президент Алмазбек Атамбаевди, жазуучу Какен Алмазбековду кагаз бетинен бир карап эле таанууга болот.

"Бул сүрөттөрдү көчүрүп тарткам. Тамбовдо окуп жүргөндө портрет тартканды үйрөнгөм", — деп айтып берди ал.

Сүрөттөрдүн арасында жаштыктын шооласын элестеткен сары, ачык жашыл түстөрдү көп колдонгон топ гүлдүн, жаныбарлардын, ар түрдүү майрамдарга арналган сүрөттөрү да бар. Анын көркөм эмгектери аталган жатак үйдүн ар кайсы бөлмөсүн кооздоп да турат. Мирлананын документтеринде, ага жазылган мүнөздөмөгө караганда, ал мектепте да, окуу жайда да жакшы окуган.

Работы пациентки психоневрологического дома интерната в Ак-Суйком районе Иссык-Кульской области Мирланы Камбаровой

Жатак үйдүн кызматкерлери ал каалаган убакта өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип, сүрөт тарта турганын билдиришти. Алардын айтымында, абдан жакшыларын алып бербесе да, кол жеткен боёк, кагаздар менен камсыз кылып турушат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Чым-Коргондогу ооруканага барып, репортаж жасап келген.