Интернетте кыргыз депутатынын төш белгиси 120 миң теңгеге сатылып жатат

Сатуучунун айтымында, күмүштөн жасалган буюмдун бир дагы жеринде жарака же чийиги жок
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Казакстандын "Агора" интернет-аукционуна Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутатынын төш белгиси коюлуп, баштапкы баасы 120 миң теңге (375 доллар) деп көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 1937-жылдан тарта 1991-жылга чейин Жогорку Совет иштеп, кийин өлкө эгемендүүлүгүн алганда ал Жогорку Кеңеш деп аталып калган.

Төш белгиде "Жогорку Совети" деп жазылып турат. Сатуучунун айтымында, күмүштөн жасалган буюмдун бир дагы жеринде жарака же чийиги жок.