АНКАРА, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда FETO уюмуна каршы күрөш боюнча маселе көтөрүлгөнүн Эрдоган журналисттерге билдирди.
Эки мамлекет башчы дүйшөмбү, 9-апрелде Анкарадагы президенттик сарайда жолугушту. Сүйлөшүү учурунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айыпталып жаткан Фетхулалах Гюллендин уюму тууралуу дагы кеп козголду.
Эрдогандын айтымында, 1991-жылы Түркия биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн таанып, эки мамлекет стратегиялык маанидеги өнөктөш болуп келет.
“FETO уюму провокация жолу менен биздин кызматташтыкты бузгусу келип жатат. Алар эки өлкө ортосундагы мамилелерге терс таасирин көрсөттү. Сооронбай Жээнбековдун иш сапары мындай адамдарга жакшы жооп болду деп эсептейм. Түркия FETO уюмунун акыркы мүчөсү жоопко тартылмайын күрөштү уланта берет. Биз аларга кенен басып жүрүүгө жол бербейбиз. Ар бири мыйзам чегинде жооп берет. Биздин максат – алардын ушундай аракеттерин алдын алуу”, — деди Эрдоган.
Ал ошондой эле Жээнбеков уюмга каршы күрөштү күчөтөрүнө ишенерин белгиледи.