Бишкекте аялдамада турган аялды унаа сүзүп мерт болду. Видео

Асанбай кичи районунда 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай аялдамага кирип кетип, анда турган аял ошол жерден каза тапты.
Sputnik

9-апрель күнү болжол менен таңкы саат алтылар чамасында болгон кырсыктын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына күбө жиберди.

Ала-Букада жол кырсыктан жаш кыз каза болуп, ымыркай жабыркады
Анда көрүнүп тургандай, Mercedes-Benz сүзгөн аялдама талкаланып кеткен.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан аталган фактыны тастыкташты. Анын маалыматына караганда, 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай калып, аялдаманы жана анда турган аялды сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берип, аялдама талкаланып кеткен.

Материалдар Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө берилип, иликтөө иштери башталды.