БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте оңдоп-түзөө үчүн 13 борбордук көчө убактылуу жабылды.
Быйыл ремонттоло турган борбордук көчөлөр:
Чыңгыз Айтматов проспектиси. Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин (Түштүк магистраль) — 15-июнь;
Достоевский көчөсү. Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин — 30-июль;
Чүй проспектиси. Шабдан баатыр көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин — 15-май;
Шабдан баатыр көчөсү. Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (батыш тарабы) — 10-июль;
Чүй проспектиси. Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин — 1-июль;
Термечиков көчөсү. Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин — 5-июль;
Жибек-Жолу проспектиси. Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейин — 23-апрель;
Салиев көчөсү. Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин — 15-июль;
Москва көчөсү. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин — 10-май;
Ахунбаев көчөсү. Садырбаев көчөсүнөн Тыналиев көчөсүнө чейин — 1-май;
Ахунбаев көчөсү. "25" көчөсүнөн Көпүрө-Базар көчөсүнө чейин — 1-май;
Орозбеков көчөсү. Фере көчөсүнөн Можайский көчөсүнө чейин — 1-май;
Щербаков көчөсү. Манас проспектисинен Махатма Ганди көчөсүнө чейин — 1-июль;
Айни көчөсү. Псков көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин — 15-июнь;
Эркиндик бульвары. Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин — 15-май.
Борбордук көчөлөрдү калыбына келтирүү долбоорунун негизинде мэрия жалпы 23 көчөнү оңдоп-түзөйт. Анын ичинен быйыл 15и жасалып калганы кийинки жылы бүткөрүлөт. Аларды оңдоп-түзөөгө кытай грантынан жалпы 160 миллион юань (25,3 миллион доллар) бөлүнгөн.