Берлинде мечит, чиркөө жана синагога бир имараттын ичине жайгашмай болду

Долбоордун негизги максаты ар кайсы диндин өкүлдөрүнө пикир жана идея алмашууга шарт түзүү
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Берлин шаарынын чок ортосунда мечит, чиркөө жана синагоганы камтыган ыбаадаткана (храм) курулганы жатат. Бул тууралуу House of One долбоорунун сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, сыйынуу жайынын курулуш иштери 2019-жылы башталып, эки жыл ичинде аягына чыгарылат.

Саентология чиркөөсүнө КРде тыюу салынганбы? Рон Хаббарддын окуусу тууралуу
Долбоордун негизги максаты ар кайсы диндин өкүлдөрүнө пикир жана идея алмашууга шарт түзүү. Ошондой эле диалогго атеисттер дагы чакырылары айтылды. Мындай жыйындарды ыбаадаткананын борбордук залында өткөрүү пландалып жатканы кошумчаланган.

Анткен менен бир чатырдын алдында орун алган бардык храмдардын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү, белгилери сакталмакчы.

Курулушка жалпысынан 43 миллион евро кетери айтылды. Ал эми ушул тапта кайрымдуулук жолу менен 8,6 миллион евро чогулду.