Алмазбек Атамбаев Кытайга кандай максатта кеткени айтылды

Бүгүн, 9-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга учуп кетти
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев форумга катышуу үчүн Кытайга учуп кетти. Бул тууралуу партиянын штабынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Атамбаев "Өнүгүү үчүн ачык жана инновациялык Азия" аттуу форумга катышат.

"Кытай тараптын чакыруусу менен Алмазбек Атамбаев Хайнань провинциясында өтө турган Азиянын Боаос форумуна жөнөп кетти", — деп штабдан маалымдашты.

Иш-чаранын расмий ачылышы эртең, 10-апрелде болот.

Жакында эле Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын лидери болуп шайланган. Съездде экс-өлкө башчы резонанс жараткан бир катар билдирүүлөрдү жасаган.