Жаратылышты неге мынча кордодук… самсаалаган желим баштыктар. Видео

Тоо этегиндеги каалгай учуп жүргөн миңдеген полиэтилен баштыктар көзгө жаман көрүнөт
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында тоону көздөй кеткен тараптагы "Кара-Булак" этнокомплексине жакын жер таштандыга көмүлгөн. Бул туурасында видеону Илим Карыпбеков Instagram баракчасына жарыялады.

"Өзүнүн өлкөсүнө саткын мамиле жасаган учур ушундай көрүнөт. Жакшынакай жаратылыш менен тоодой таштанды. Мынчалык булгаш үчүн мекенди канчалык деңгээлде жек көрүш керек болду экен?!" — деп жазган Карыпбеков.

Анын постун окугандар мындай көрүнүшкө нааразы болуп, пикирлерин калтырган.

Таштандыны туш келди жерген ыргыткан көрүнүш тоо арасында эле эмес, дал Бишкектин борборунда да кездешет.