Шамал менен жарышкандар. Бишкектин четинде мотоспорт боюнча мелдеш өттү

Sputnik

Уюштуруучулар иш-чаранын максаты  Борбор Азияда мотоспортту жайылтуу экендигин айтып беришти.  Спортчулар тогуз категория боюнча күч сынашкан. Жарышка кыймылдаткычы 50, 65, 85, 125, 250 жана 500 куб  сантиметрлик мотоциклдер катышты. Категорияга жараша ар бар спортчуга жети мүнөттөн 20 мүнөткө чейин убакыт берилди.

900 метрлик трассада 15тен ашык трамплин жана башка тоскоолдуктар коюлган.

1 / 12
Мотокросс боюнча мелдеш ишемби күнү Бишкектин четинде өттү
2 / 12
Эл аралык турнир быйыл үчүнчү жолу болду
3 / 12
Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Россиядан эң мыкты спортчулар келишкен
4 / 12
Жарышка жалпысынан 100дөй спортчу катышты
5 / 12
Мелдеш тогуз категория боюнча өттү
6 / 12
Жарышка кыймылдатчысы 50, 65, 85, 125, 250 жана 500 куб сантиметр болгон мотоциклдер катышты
7 / 12
Спортчулар үчүн атайын трассага бир нече тоскоолдуктар коюлган
8 / 12
Алар түрдүү жаш категориясы боюнча ат салышты
9 / 12
Жарыша турчу трассанын узундугу 900 метрди түздү
10 / 12
Спортчулардын ар бирине категориясына жараша жети мүнөттөн 20 мүнөткө чейин берилди
11 / 12
Чоңдор менен бирге жаш балдар да өз күчүн сынады
12 / 12
Иш-чаранын максаты - мотоспортту Борбор Азияда жайылтуу