БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Российлык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Эла Яквинтаны утуп, UFC чемпиону болду. Бул тууралуу РИА новости агенттиги жазып чыкты.
Жеңил салмактагылар арасындагы беш раунддук беттеш UFC 223 турниринин алкагында Нью-Йорк шаарында өттү. Анда россиялык Нурмагомедов калыстардын бирдиктүү чечими менен өзүнүн кезектеги жеңишин камсыздай алды. Муну менен ал өзүнүн карьерасындагы 26 беттеште 26 каршылашын утту. Ал эми Яквинта 13 беттешинде төрт жолу утулуп, бирөөндө тең чыккан.
Буга чейин россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон октагонго чыкмак. Бирок, америкалык спортчу бутунан жаракат алып мушташа албай тургандыгын билдирип, баш тарткан.