Европадагы эң бай адамдын аты аталды

Француз ишкеринин байлыгы 70,7 миллиард долларга бааланат
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр — Sputnik. Европадагы эң бай адам кооз буюмдарды чыгарган француз ишкери Бернар Арно экендигин Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады
Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Арнонун байлыгы 70,7 миллиард долларга бааланат. Ал мындай көрсөткүчү менен Inditex негиздөөчүсүнөн, 70,2 миллиард доллары бар испаниялык миллиардер Амансио Ортегудан да ашып кеткен.

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде төртүнчү орунду алган Арно алдындагы Amazon негиздөөчүсү Джефф Безостон, Microsoft компаниясын түзгөн Билл Гейтс менен америкалык ишкер Уоррен Баффеттен гана артта калган.

Louis Vuitton — француз мода үйү, чемодан, сумка, саркеч кийим жана аксессуарларды чыгаруу менен алектенет. Фирма 1854-жылы негизделген.