Эшик, терезесин кайда унутту болду экен? Бишкектеги өзгөчө таксинин видеосу

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнөн аталган унаанын айдоочусу изделип жаткандыгын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде сол жагында эшик, терезеси жок жеңил автоунаа кетип бараткандыгын тартып алып, сүрөт жана видеосун кошо салган.

Маалыматта бул окуя 6-апрелде болгондугу жана автоунаанын төбөсүндө "37" деп аталган такси компаниясынын белгиси орнотулгандыгы айтылган.

Аталган компаниядан бул видеону көргөндүктөрүн айтышты.

"Текшерип чыктык, бизде андай номерлүү автоунаа катталбаптыр", — дешти аталган компаниядан.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнөн аталган унаанын айдоочусу изделип жаткандыгын билдиришти.

1 / 2
Окурмандар Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде сол жагында эшик, терезеси жок жеңил автоунаа кетип бараткандыгын тартып алып, сүрөт жана видеосун кошо салган
2 / 2
Маалыматта бул окуя 6-апрелде болгондугу жана автоунаанын төбөсүндө "37" деп аталган такси компаниясынын белгиси орнотулгандыгы айтылган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бишкек шаарында таксист болуп, элди бекер ташыганы боюнча колумнистика жазды.