Адам тамак менен кошо канча пластик жейт? Иликтөө

Изилдөөчүлөр бул материалдар үйдөгү турмуш-тиричилик оокаттарынан, эмеректен жана кездемеден чыга тургандыгы айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эдинбургдагы Хериота-Уатта университетинин адистери адам баласы тамак менен кошо микропластиктин 100 бөлүкчөсүн жутуп аларын айтышты. Бул туурасында Phys.org басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде адамдын денесине кооптуу делген 68 400 пластик талча кирет экен.

Окумуштуулар шейшептерди улам алмаштырып турбаса эмне болорун айтышты
Изилдөөчүлөр бул материалдар үйдөгү турмуш-тиричилик оокаттарынан, эмеректен жана кездемеден чыга тургандыгын айтышты. Пластиктин бөлүктөрү алгач абага тарап, андан соң ашканадагы идиштерге түшөт.

Шотландиялык окумуштуулар чаң соро тургандай кылып тегерек, жайпак идиштерди үйгө коюп, жанына тарелкаларды тизген. 20 мүнөт ичинде табакка пластиктин 14 бөлүкчөсү толгон. Окумуштуулар бул 114 пластик талчаларына барабар экендигин айтышты.

Буга чейин окумуштуулар кафе-ресторандарда тамак жегендин кооптуулугун айтып беришкен.