Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ыламдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Апрелге карата газдын наркы аныкталды
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 12…17 градус жылуу болсо, Ош, Баткен, Жалал-Абадда 13…18 градус нөлдөн жогору болору айтылды. Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт, 10…12 градус жылуу болот. Ошто да жаан-чачын болуп, абанын температурасы 15…17 градуска чейин жогорулайт.