ТИМ кыргызстандыктын атылышы боюнча Өзбекстандын элчисине нота тапшырды

Бүгүн чек арада өзбек чек арачыларынын огунан бир кыргызстандык жаран каза тапкан
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жаранынын кыргыз-өзбек чек арасында атылышы боюнча Өзбекстандын элчиси Комил Рашидовго нота тапшырганын аталган мекеме билдирди.

Өкмөт чек арада атылган жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү
Бүгүн, 7-апрель күнү, Кербен заставасында өзбек чек арачылары ок чыгарып, андан 34 жаштагы кыргызстандык жаран көз жумган. КР Чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында болгонун белгилөөдө.

Рашидов ТИМге чакырылды. Жолугушуу учурунда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов окуя тууралуу маалымат берип, жагдай-себебин тактоо өтүнүчү менен Өзбекстандын ТИМине нота узатты.

Министрлик аталган маселени көзөмөлүнө алып, эки мамлекеттин тийиштүү кызматтары менен байланышта болуп жатканын кошумчалады.