Сокулукта эркек киши унаа алдында калып каза болду. Айдоочу изделүүдө

Жол кырсыгы 6-апрелде болжол менен саат 23.30да болгон
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Сокулукта эркек кишини унаа сүзүп, ал жеринде мүрт кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 6-апрелде болжол менен саат 23.30да Фрунзе жана Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Алган жаракатынан 47 жаштагы эркек киши ошол жерде жан берген. Сүзгөн унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө иштери башталып, милиция айдоочуну издеп жатат.