Казакстанда КР номерлүү Sprinter унаасынын аткыланышы такталып жатат

Кулукеева ушу тапта окуянын чоо-жайын Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тактап жатканын кошумчалады
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Казакстандын Актөбө трассасында Sprinter автоунаасынын аткыланышы боюнча маалымат такталып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Эскерте кетсек, жергиликтүү ЖМКларда Кыргызстандын номерлери тагылган бустун аткыланганы тартылган видео тараган.

"Окуя 6-апрелге караган түнү болгон. Унаа жолдо бузулуп, айдоочусу Актөбөгө керектүү тетиктерди алып келүү үчүн кеткен. Алдын ала маалымат боюнча кайра келген маалда машинага бир нече ок тийип, ичиндеги жүргүнсчү жаракат алган. Жерине Казакстандын укук коргоо органдары менен тез жардам кызматы келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кулукеева ушу тапта окуянын чоо-жайын Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тактап жатканын кошумчалады.