Бишкекте унаа сүзгөн аял жан таслим болду. Айдоочу изделүүдө

Ушу тапта милиция айдоочуну издеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте улгайган аялды унаа сүзүп, ал кырсык болгон жерде көз жумган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кырсык ишемби күнү саат 20.40та борбор калаанын 12-кичирайонунда болгон. Окуяга себепкер унаанын айдоочусу из жашырып кеткен.

Ушу тапта Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча “перехват” планы жарыяланды.